Жогорку Кеңеште 3 депутаттык топ өздөрүн расмий түрдө жарыялашты

Парламенттин 15-майдагы жыйынында 3 депутаттык топ өздөрүн расмий түрдө жарыя кылышты. Алар "Реформа үчүн", "Өнүгүү" жана "Биримдик жана ынтымак" депутаттык топтору. Биринчи топко экс "ата журтчулар" Хажимурат Коркмазов, Роман Шин жана Нарынбек Молдобаев, экинчи топко "Республика" фракциясынан бөлүнгөн депутаттар кирет, алардын башында Бакыт Төрөбаев. Ал эми үчүнчү топту мурдагы "республикачы" Канатбек Исаев жетектейт. Айта кетсек, ЖКда фракциялардан тышкары депутаттык топторду түзүп иш алып барууга жол берген мыйзам парламентте кабыл алынып, ага президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан