Бүгүн, 15-майда президент Алмазбек Атамбаев “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчиси Аскар Маминди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу долбоору тууралуу талкуу болду. Ошондой эле мамлекет башчы Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановго, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевге казакстандык өнөктөштөр менен аталган долбоорду ишке ашыруунун бардык жолдорун бирге талкуулоо тапшырмасын берди.