“Тазалык” ишканасы Бишкектеги Орус драма театрын сотко берди

Бишкектеги “Тазалык” муниципалдык ишканасы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынан таштанды алып чыккандыгы үчүн 63 миң сом карызын талап кылууда. Мындай маалыматты аталган театрдын басма сөз кызматы билдирди. Бул сумма театрдын 2011-жылдан тартып үстүбүздөгү жылдын 1-кварталына чейинки таштанды үчүн болгон карызы. Театрдын дарегине карызды төлөө тууралуу акыркы билдирүү 20-мартта жөнөтүлгөн. Талап кылынган карыз төлөнбөгөндүктөн, муниципалдык ишкана Орус драма театрын сотко берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан