15-майда Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Агрардык техникалык колледжинин 2-курсунун студенттери арасында “брейн-ринг” же акыл таймашы болуп өттү. Аталган окуу жайдын мугалими Эмил Чымылдаков уюштурган бул акыл таймашы интерактивдик сабак катары кабылданып, студенттерден түзүлгөн 3 команда катышышты. “Брейн-ринг” окутуучулардын сабак өтүүдөгү ыкмаларынын интерактивдүү түрү болуп саналат. “Брейн” англисчеден которгондо “мээ” деген маанини түшүндүрөт. Студенттер билим деңгээлдерин сынашып, таймашта татыктуулар жеңишке жетишти жана баалуу белектерге ээ болушту.