ӨКМ: "Чүй облусунда жарандык коргонуунун абалы комплекстүү текшерилип жатат"

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык, атайын комиссия түзүлүп, ал комиссия Чүй облусунун жарандык коргонуунун абалын комплекстүү текшерип жатат. Маалым болгондой, текшерүүнүн максаты – табият жана техногендик кырсыктар, ири өндүрүштүк авария катталган чукул кырдаалдар учурунда жарандык коргонууга жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышын, өзгөчө кырдаалдар учурунда иш-чараларды уюштуруунун деңгээлин аныктоо болуп эсептелет. Комиссиянын төрагасы Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев чукул кырдаалдар катталган учурда калкты жана аймакты коргоодо жарандык коргонуунун ыкчам чара көрүүдөгү маанисин баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан