Шектүү катары дарыгерлердин көзөмөлүндө турган Кара-Кулжа районунун тургуну Сибирь жарасына чалдыкпаганы аныкталды

Буга чейин "Сибирь жарасына чалдыккан" деп шектелип жаткан Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1993-жылы туулган тургуну бул илдетке кабылбаганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Эске салсак,  28-апрель күнү аталган райондун 12дей тургуну белгилүү себептер менен жылкы союшкан. Көп өтпөй мал союуга катышкан бир бала алсырап, оор абалда аймактык ооруканага кайрылган. Аны дарыгерлер текшеришип, алдын ала байкалган белгилер боюнча "Сибирь жарасына чалдыккан" деп болжолдошуп жаткан эле.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан