ТИМ АКШ бийлигинен Максим Бакиев боюнча кылмыш иши эмне себептен токтотулганын сурады

КРнын Тышкы иштер министрлиги АКШ бийлигинен Максим Бакиев боюнча кылмыш иши эмне себептен токтотулганын түшүндүрүп берүүнү суранды. Мындай сөздү ТИМдин Батыш өлкөлөр департаментинин директору Данияр Мукашев бүгүн, 15-майда журналисттерге айтты. "Максим Бакиевге байланыштуу бардык материалдарды карап чыккан соң, андан аркы кабыл алуучу чараларды караштырабыз",- деп маалымдады дипломат. Эске салсак, АКШнын Юстиция министрлиги Максим Бакиевге каршы кылмыш ишин токтотуп жана аны Лондондон экстрадициялоо талабын артка чакыртып алган. Маалыматка ылайык, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги иштин жабылышын далилдердин жетишсиздигине шылтап, иштин чоо-жайын түшүндүрүп берүүдөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан