МЕДИА-ПОРТАЛ: Жумагүл Райымжан кызы "Кызыл алма" клибин тартуу процесси узакка созулганын жана ага өзү катышпаганын айтат

Жумагүл Райымжан кызынын ырларынын ичинен эӊ шаӊдуусу – “Кызыл алма”. Ырчы аталган ырдын клиби кандай тартылганы тууралуу буларды айтты.

"Кызыл алма" ырынын сөзү, обону – Ибрагим Жунусовго таандык. Бул чыгарманы кичинемден жакшы көрүп, угуп жүрчүмүн. Кийин өзүм ырдап чыгып, жакында клибин тартып бүттүк. Клиптин режиссёру – Нурсултан Кубатов, сценарийи да ушул жигитке таандык. Ал эми актёрлордон Самат Эркинбековду өзүм тандагам. Анткени мындан 3-4 жыл мурун аны менен бир концерттен жолугуп калып, "сиздин бир клибиӊизге тартылып берем" деген убадасын алгам. Ошол сөзүн эстеп, арадан бир топ убакыт өткөнүнө карабай, ага байланышка чыктым. Ал да дароо эстеп макул болду", - дейт күлүп.

Ошондой эле клип тартуу процесси өтө узакка созулганын жана ага өзү катышпагандыгын кошумчалады.

"Алгач мен ырдаган эпизоддор тартылган. Саматтын концерттери көп болгондуктан жана бир каарман бошосо, бирөөсү бошобой калгандыктан, арадан 1 ай өткөн соӊ гана уландысы тартылды. Тартуу иштери жүрүп жатканда мен башка жакта болчумун. Андыктан өзүмдүн клибим кантип тартылганын, кандай кызыктуу окуялар менен коштолгонун өзүм билбейм".

Жумагүл Райымжан кызынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meni_kut
2017-06-09 20:41:44
жакшы клип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан