Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Соцфонддон билдиришти.
Маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Call-борборго 1055 кайрылуу келип түшкөн, анын ичининен 608и телефон аркылуу түшкөн чалуулар, ошондой эле сайттагы онлайн-офлайн чат аркылуу 447 кайрылуу түшкөн.
"Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Социалдык фонд январь-апрель айларында жалпы 4 миң 964 кайрылууну кабыл алган.