“Азыркы учурда Кыргызстанда 49 миң пенсионер иштейт”. Мындай сөздү Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтты. Анын маалыматына ылайык, 27 миң эмгектенген пенсионерлер учурунда эмгек акыларынын эсебинен Соцфондго төлөгөн акчасынын 2 пайызын алууга арыз жазышкан. “Калган пенсионерлер да арыз жазуусу керек, алар өздөрүнүн мурда төлөгөн акчасынын кайсы бир бөлүгүн кайтарып ала алышат”,- деди Абылгазиев.