Өзбекстандан велосипед менен ажылык зыяратка аттанган пенсионерди түркмөн чек арачылары үйүнө кайтарды

Наманган облусундагы Чартак районунун 75 жаштагы жашоочусу Хусан Хожибаев велосипед менен Сауд Арабиясына 2-июнда сапар тарткан. Түркмөнстандын чек арачылары пенсионерди ажылык сапардан артка кайтарганы белгилүү болду.

Пенсионер Өзбекстан-Түркмөнстан чек арасындагы "Фарап" көзөмөл өткөрүү пунктуна келгенде визасы жок болгондуктан чек ара кызматкерлери өткөргөн эмес. Ал Намангандан Түркмөн чек арасына 7 күндүн ичинде 1150 чакырымды басып келген. "Мени чек арадан өткөрүшкөн жок. Чек ара кызматкерлери менин бул демилгемди сыйлагандыгы үчүн деле өткөрүп коё беришерин, бирок өлкөнүн ичинен тийиштүү кызматтар кармап алып кайра депортация кылып коюшарын айтышты. Ошондуктан убара болбоюн деп артка тарттым", - деген Хожибаев. Ал өлкөсүнө кайрадан эле велосипеди менен келет.

Хусан Хожибаев 2016-жылдын сентябрь айында маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөcүнө куран окуш үчүн 500 чакырым жол жүрүп Самаркандга барганы менен да белгилүү. Аксакалдын сапарын интернет колдонуучулары “кичи ажылык” менен салыштырып, ага жаңы велосипед белекке беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sirgak_92
2017-06-12 09:42:57
Ислам Картмов эмне пайгамбар беле кичи ажылык дегидей
-4
AykaMer
2017-06-12 10:02:08
sirgak_92 Айланайын не деп койдун? Ислам Каримов 27 жыл президент болуп,Озбекистанды гулдотуп,жайнатып анан олду. Ошонун атына куран окуш учун мурзосуно Намангандан Самаркандка велосипедде барыптыр. Анча мынча адам антип баралбайт. Интернет коруучулор чалды урматтап сыйлашып жаны велосипед алып беришиптир. Ушундай Озбекистанды туро кыдырыш учун деп жакшы тилек менен... "Кичи ажылык"-деп анча узак эмес сапарга чыгуу дегенди билдирет.
0
sirgak_92
2017-06-12 17:06:29
AykaMer,коруп атабыз кулдоп онукконун элинин жарымы россияда журот аларга караганда биздин олко туболук ойдо.
+3
-NURIK-
2017-06-12 10:09:25
Балким ажыгы жетпей жолдон кайткандыгын кичи ажылык деп жаткандыр.
-10
Ma9
2017-06-12 10:13:35
Ушунча аракетин теке кетирбей мамлекет виза жагынан жардам берип койуса болмок
+16
tyrgon
2017-06-12 21:13:01
ажылык деп Меккеге ажылык деп айтабыз мындай ислам каримовго ажылык дегенди биринчи угушум тобо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан