Бүгүн, 14-июнда кан донорлорунун эл аралык күнү белгиленүүдө. Кыргыз өлкөсү БУУнун курамына кирген башка мамлекеттер менен катар бул күндү 2005-жылдан бери белгилеп келет. SUPER.KG порталы кан тапшыруу жөнүндөгү бир катар суроолорго жооп алды.
ОРОЗО КАРМАГАНЫНА КАРАБАЙ КАН ТАПШЫРГАНДАР БАР
Бүгүн Бишкектеги соода борборлордун биринде кан донорлорунун күнүнө байланыштуу кан тапшыруу иш-чарасы орун алды. Орозо кармаганына карабай кан берүү үчүн келген ыктыячылардын саны арбын болду. Алардын бири 24 жаштагы Данияр Эшбаев. Данияр студент кезинен бери кан берүүнү адатка айландырып алган.
“Акыркы 5-6 жылдан бери кан тапшырып жүрөм. Азыр да орозо болгонума карабай кезекте турам. Мен жалаң эле чоң иш-чарада эмес, кан борборунун өзүнө да барып жылына 2-3 ирет тапшырам”, - дейт ал.
Биринчи ирет ыктыярчы болуп жаткан 18 жаштагы Алтынай Орозбаева интернет баракчаларындагы досторун да келүүгө чакырган. “Бул жерден атайын сүрөткө түшүп, баракчаларыма илип, досторумду чакырдым. Өзүм биринчи ирет тапшырып жаткандыктан андан кийинки абалымды жакшы элестете албай жатам. Эң башкысы канга муктаждарга жардам берсем деген каалоо менен келдим”, - деди Алтынай.
Кан тапшыруунун жүрүшүндө белгилүү болгондой, бир жылда өлкөдө 40 миңдей гана адамдан кан алынат. Алардын 21 пайызы ыктыярдуу донор, 70 пайызы туугандык донор болсо, калган бөлүгү акчага сатышат. Кан бергендердин 70 пайызын эркек кишилер түзөт.
КАН ТАПШЫРУУ - АДАМДЫН ӨМҮРҮН САКТОО ГАНА ЭМЕС, ДОНОРДУН ДЕН СООЛУГУНА ДА ПАЙДАЛУУ
Республикалык Кан борборунун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева бүгүнкү иш-чара өзгөчө кырдаалдар учурунда канга муктаж болгондор үчүн запас даярдоо максатында өткөнүн белгиледи.
“Өз ыктыяры менен келген донорлордун тууганчыл донорлордон артыкчылыгы абдан чоң. Тууганчыл донорлор зарылчылык менен келишет. Алынган кандарды текшерүүдө да ыктыярдууларга караганда тууганчылыктан улам тапшыргандардын канында жугуштуу оорулар бар экени көп болот. Ар бир кишинин канын бир ирет колдонулуучу баштыктарга куюп сактайбыз. Өнүккөн өлкөлөрдө кан тапшыргандардын 100 пайызы өз ыктыяры менен келгендер болот. Бизде жалпы донорлордун 21 пайызын гана түзөт", - дейт Сатыбалдиева.
Шаар тургуну Мырзатеңири тегин 60 жашта.10 жылдан бери ыктыярчылардын катарында. Ал кан тапшыруу биринчиден адамдын өмүрүн сактап калса, экинчиден донордун өзүнүн ден соолугуна да пайдалуу экенин айтат.
“Муну менен мен бирөөгө жардам гана бербей өзүмдүн кан алмашуумду активдештирем. Анткени кандагы жаңы клеткалар пайда болот. Азыр 60 жаштамын. Кан тапшырган сайын нерв клеткаларым да жакшы болуп, өзүмдү жакшы сезип калам”, - дейт ыктыярчы кан донору.
КАНГА МУКТАЖДАРДЫН ДОНОР ИЗДӨӨ ТҮЙШҮГҮ
Өзгөн районунун тургуну Таалайбек Ильяз уулу келинчеги эгиз төрөп, төрөттө көп кан кетирип, канга муктаж болуп, донор издөө түйшүгүнө кабылган. Ал донорлор өз ыктыяры менен макул боло бербестигин белгиледи.
“Келинчегимдин төрөттө жатынындагы кан тамырлары жарылып, дарыгерлер “тез арада кан керек, кан куйбасак каза болуп калышы ыктымал” деп Оштогу Кан борборунан 4 литр кан алдырышкан. Кандын ордун толтуруу үчүн 25 киши алып барышым керек эле, көпчүлүк тааныштар макул болбой жатып, 15 киши гана алып бардым. Себеби чет өлкөгө чыгып келгендерден 6 айга чейин, кан басымы төмөндөрдөн, сарык болгондордон жана операция болгондордон алынбайт экен. Акырында мен таба албай калган 10 киши үчүн 12 миң сом төлөөгө туура келди. Донорлорду такси жалдап алып барасың, тамак алып бересиң. Мунун баары чоң түйшүк жаратты”, - деди Таалайбек.
Бишкектеги Кан борборунун өкүлү Замира Нусупованын айтымында, ар бир эле ооруканада кандын тартыштыгы көп. “Ар бир донордон 410 граммдан гана кан алынат. Анын сактоо мөөнөтү 35 күн. Ал эми кандан бөлүнүп алынган суюктук 3-4 жылга чейин тоңдурулган абалда сакталып турат. Канга өтө муктаж болуп, донорго жана сатып алууга акчасы жокторго жана онкологиялык ооруканада жаткандарга акысыз куюлат”, - дейт ал.
Айта кетсек, жашы 18ден 60 жашка чейинки жарандар кан донору боло алат. Бирок чет өлкөгө чыгып келгендерден 6 айга чейин, кан басымы төмөндөрдөн, сарык менен ооругандар жана операция болгондордон алынбайт.