Кечээ, 15-май күнү Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, полковник Малик Нурдинов “Ардактуу атуул” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аталган ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Төш белги Малик Нурдиновго Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту азайтууда, ошондой эле милиция менен элдин ортосундагы мамилени жакшыртууда чоң салым кошкондугу үчүн ыйгарылды.