"Казинолорду жабуу тууралуу мыйзам кабыл алгандан кийин аны кайра жокко чыгаруу туура эмес". Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ЖКнын жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. Айтымында, айрымдар казинолорду кайра ачуу экономиканын өнүгүшүнө жардам берет дешүүдө. “Экономиканы ойлоп адеп-ахлакты ойлобосок, анда курал сатканга, сойкулукка, баңгизаттарын өстүрүүгө да уруксат берели”,- дейт Шайназаров.