Бүгүн, 16-майда ЖКнын жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков өкмөттүн экономиканын өсүүсү тууралуу берген маалыматы так эместигин билдирди. Анын айтымында, өлкө эгемендүүлүкттү алгандан бери алгач ирет айыл чарбасында 1-квартал жыйынтыгы боюнча 1,5 пайыз өсүү болгондугу тууралуу өкмөттүн отчётунда жазылган. “Мындай нерсе болуп көргөн эмес. Биз бул маалыматты ар бир айыл өкмөтүнөн так маалымат сурап, комитетте текшерип чыгабыз. Эмне, айыл чарбада ушунча өсүш болгудай кыш бою буудай эгип чыктыкпы же 100 койдон 170 козу алып жатыптырбызбы? Мындай маалыматты бериш өтө уят иш. Жогорку Кеңеште келесоолор отурат дейби? Биз бардыгын сонун түшүнөбүз. Отчётту карап жатканда улуттук статистика комитетин да чакырышыбыз керек”, - деди эл өкүлү.