Ууланган койлор боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы ууланган койлор боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Чабар айылында 1980-жылдары 170 тоннадай уулуу заттын калдыктары көмүлгөн. Бирок бул жер атайын тосулган эмес. Мындан улам ӨКМнын алдындагы уулуу зат калдыктарын сактоочу жайды көзөмөлдөөчү агенттиктин кызматкерлерине карата Кылмыш кодексинин “шалаакылык” беренеси боюнча 13-май күнү кылмыш иши козголду. Эске салсак, Ат-Чабар айылында уулуу заттар көмүлгөн жерде оттоп жүргөн 133 кой ууланып, кырылган болчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан