Орусиялык модель Виктория Боня жарандык никедеги жолдошу Алекс Смерфит менен ажырашкан соң жаңы сүйүүсүн тапканын жарыялаган. Бирок ага карабастан ал Түркиядагы белгилүү түгөйлөр Бурак Өзчивит менен Фахрие Эвжендин жакында боло турган үйлөнүү тоюн бузуп жибере жаздаганын түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Виктория түрк актёрунун жана ал тартылган сериалдын күйөрманы. Мындан улам ал актёрдун социалдык тармакка киргизген ар бир сүрөтүнө "жакты" белгисин басып, билдирүү калтырып турат. Бул нерсе Бурактын сүйүктүүсүн ачуулантып, анын айынан бир нече жолу катуу урушууга чейин барышкан.
Ал эми Бонянын актёрдун акыркы жүктөлгөн сүрөтүнө "Сен мыкты формадасың, менин мырзам" деп жазганы түгөйлөрдүн 29-июнь Стамбулда өтө турган үлпөт тоюн токтотуп сала жаздаганы, бирок уруш Бурактын "орус моделин достуктан өчүрөм" деген убадасынан кийин басылганы айтылат.
Бул боюнча интернет колдонуучулар Викториянын баракчасына "Эмнеге орустар ар нерсеге башын салганды жакшы көрүшөт? Бурак бир сага эле эмес, элдин баарына жагат. Аны "өздүк" кылып сүйлөөгө укугуң жок. Бурак менен Фахриенин күйөрмандары алардын тоюн чыдамсыздык менен күтүшүүдө, андыктан бир аз олуттуу бол. Бул Орусия эмес, Түркия" деген билдирүүлөрдү калтырышууда.