Депутат Исмаил Исаков адам билбей туруп бирөөгө ВИЧ, СПИД илдетин жуктуруп алса, ага кандай жаза колдонуш керектигине кызыкты
“Кыз ала
качкандар үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралып жатпайбы. Ошондуктан ВИЧ,
СПИД илдетин жуктургандар дагы өз жазасын алыш керек”,- деди депутат Исмаил Исаков
бүгүн, 16-майда ЖКнын жыйынында. Айтымында, ала качып кеткен кыздар кайрадан үй-бүлө кура алышат. "Ал эми ВИЧ, СПИД менен ооруган адам кантип үй-бүлө курмак эле?"- деди депутат. Ошондой эле эл өкүлү медицина кызматкерлери
тарабынан эмес, жыныстык катнаш учурунда аталган оору жукса
аларга кандай жаза колдонуш керектигине кызыкты. “Эгерде адам ВИЧ, СПИД илдети
менен ооругандыгын билбей туруп, башка бирөө менен жыныстык катнашка барса, анда
кандай болуп калат? Ушул жагын да карап чыгуу керек”,- деди Исаков.