Бүгүн, 16-майда “Ата журтчу” 3 депутаттын иши каралып жаткан Бишкек шаардык сотунда Камчыбек Ташиевдин жактоочу Жыргалбек Бабаев сотко башкы прокурор Аида Салянованы жана анын мурунку орун басары Нурлан Жээналиевди чакырууну сунуштады. Анын бул сунушун кесиптештери жана соттолуп жаткандар колдоорун билдиришти. Сотко төрагалык кылуучу судья Курмантай Зулушев жана соттук курам жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, аларды кошумча күбөлөрдүн катарына кошту.