MegaCom үчүн түйүндүн техникалык жактан өнүгүүсү өзгөчө орунда

Алдынкы уюлдук оператор Кыргыз мамлекетинин жалпы аймагы боюнча түйүндү өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келет. Ушул жылдын май айында байланыш сапатын жакшыртуу максатында MegaCom компаниясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн масштабдуу техникалык жумуштар буга айкын мисал боло алат.

Айта кетсек, өткөн айда Бишкек, Ош, Өзгөн, Кочкор-Ата шаарларында жана Орловка шаар тибиндеги кыштакчасында кошумча техникалык жабдуулар орнотулуп, 3,75G стандартындагы жаңы базалык станциялар ишке киргизилген. Мындан тышкары үчүнчү муун технологиясы төмөндөгү 9 айылда жакшыртылган:

Чүй облусу: Бекитай айылы, Бөксө-Жол айылы;

Ош облусу: Кызыл-Кошчу айылы;

Жалал-Абад облусу: Дөмөр айылы, Масадан айылы, Массы айылы, Бүргөндү айылы, Сары-Талаа айылы;

Талас облусу: Кайнар айылы.

MegaCom компаниясы үчүн аракеттеги базалык станциялардын ишин жакшыртуу да өзгөчө орунда. Байма-бай жүргүзүлгөн мындай аракеттер өз жемишин бере тургандыгы бышык. Бишкек жана Талас шаарларында мобилдик интернет мурдагыдан ыкчам болуп калды.

2G, 3G жана ыкчам 4G түйүндөрүнүн каптоо аймактары тууралуу толук маалымат Каптоо аймагынын интерактивдүү картасында жайгаштырылган жана онлайн-режимде көрүүгө болот.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан