"Бүгүн митинг болгон жок. Жергиликтүү кеңештин кошмо жыйыны өттү. Аким иштен кеткен жок, ордунда эле иштеп жатат, азыр ооруканада. Кан басымы калыбында болбогондугу үчүн жатат. "Митингге чыккандар токмоктоду" деген сөз жалган. Ким токмоктомок эле? Ошондой кабар тарап кетиптир. Элдер келди, топтолуп туруп кетип калды. Азыр саясий кырдаал тынч. Митингге “Кайди” деген алтын иштетүүчү компания бар, ошол ишмердүүлүгүн токтотсун деп чыгышкан. Көтөрүлүп чыккан эл кошмо жыйынга келип катышып отурушту”, - дейт Молдобасанов.
Ошондой эле жыйында бир жылдык план бекитилип, кытайлык компаниялардын мыйзамсыз иштерин токтотсун деген токтом кабыл алынган. Жалпысынан 150дөн ашык адам жыйынга катышкан.