16-майда президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Кыргызстандын унаа жолдорунун эки участогун оңдоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-апрелде кабыл алынган. Ага ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги кытайлык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө маалымдоого тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.