ЖККУ системинин аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протокол ратификацияланды

16-майда президент Алмазбек Атамбаев “Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системинин күчтөрү менен каражаттарынын куралдарынын жана аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-апрелде кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына белгиленген тартипте жогоруда аталган протоколдун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор Кыргызстанда аткарылгандыгы тууралуу маалымдоого тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан