Жоомарт Оторбаев кендерди иштете турган компаниялар экологиянын коопсуздугун камсыздашы керектигин айтты

Кыргызстанда кендерди иштетүүдөн мурун жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда өкмөт үйүндө өткөн басма сөз жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, биринчи кезекте кендерди иштете турган компаниялар экологиянын коопсуздугун камсыздашы керек. “Көп учурда аймактарга чыкканда жергиликтүү эл мектеп, ооруканаларды, жол курууну айтышат. Бюджетте акча болсо албетте, бардыгы курулат, ал үчүн ишканаларды иштетүү керек. Ал эми инвесторлор келип жаңы жумушчу орундар да түзүлөт”,- деди ал. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев инвесторлорго иштегенге тоскоол болуу менен бюджеттик киреше азайып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан