Орустардын "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Ырчынын ооруканага оор абалда жеткирилгени, аппараттын жардамы менен дем алып жатканы бүгүн эртең менен белгилүү болгон. Көп өтпөй анын менеджери Александра Куцевол: "Бул маалымат чын. Ырчыга пневмония дарты өтүшүп кеткен деген диагноз коюлуп, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Биз тынчсызданып жатабыз, бирок аны мыкты дарыгерлер карап жатканы үчүн баары жакшы болоруна ишенебиз", - деп билдирген.
Белгилей кетсек, Олег Яковлев "Иванушки International" тобунун курамына 1998-жылы кирген. Ал эми 2012-жылы жеке карьерасын баштап, бир жылдан соң топтон кеткенин жар салган.