Орустардын "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев бүгүн, 29-июнда Москва убактысы боюнча таӊкы саат 07:05те 47 жашында каза болду. Бул тууралуу ырчынын менеджери жана сүйүктүүсү Александра Куцевол өздүк баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 28-июнда ырчы ооруканага оор абалда жеткирилгени, аппараттын жардамы менен дем алып жатканы белгилүү болгон.
Айта кетсек, Олег Яковлев 1969-жылы 18-ноябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында туулган. Бул учурда ата-энеси аталган өлкөдө жумушуна байланыштуу жашап жүрүшкөн эле. Ырчы биринчи классты аяктаган соӊ Монголиядан СССРге кайтып келишкен. Ата-энеси, 2 эжеси менен алгач Орусиянын Ангарск шаарында, кийин Иркутск шаарында жашашкан. Олег Яковлев Иркутск шаарындагы театралдык училищенин "Куурчак театрынын актёру" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.
"Иванушки International" тобунун курамына 1998-жылы кирген. Ал эми 2012-жылы жеке карьерасын баштап, бир жылдан соң топтон кеткенин жар салган.
Маалыматтарга караганда, анын ооруп жүргөнүнө көп болгон. Ырчынын өлүмүнө боордун циррозу жана өпкө оорусунун өтүшүп кеткени себеп болгон.
Олег Яковлев үйлөнгөн эмес. Акыркы кезде Александра Куцевол менен жашап жүргөн.