“Өнөрлүү бол!” аттуу 8-Дельфа оюндарына Кыргызстандын курама командасы катышып жатат

16-майда Орусиянын Новосибирск шаарында башталган КМШ жаштарынын “Өнөрлүү бол!” аттуу 8-Дельфа оюндарына Кыргызстандын курама командасы катышып жатат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Дельфа оюндарынын программасында классикалык, элдик жана заманбап искусствонун жалпы 28 номинациясы бар. Кыргызстандын атынан барган 74 өкүл өз өнөрлөрүн көрсөтөт. Алардын курамы шаардык, республикалык жана эл аралык сынактардын, Дельфа оюндарынын бир канча жолку жеңүүчүлөрүнөн түзүлгөн.  

 

Бул сапар кыргызстандык таланттар фортепиано, көркөм сүрөт, эстрада жанрында ырдоо, классикалык жана элдик бий, фотосүрөт, тележурналистика, элдик аспаптарда ойноо сындуу 8 номинацияда өз өнөрлөрүн тартуулайт.  

 

Белгилей кетсек,  Дельфа оюндары көркөм өнөр багытындагы сынак, фестивалдарды, көргөзмө, бет ачарларды уюштурууну максат кылат. Анын келип чыгышы байыркы Грециянын Дельфа аймагында өткөн оюндардын тарыхы менен байланыштуу. Ошондон бери аталган оюн түрлөрү өткөрүлбөй жүрүп, ХХ кылымдын башында гана кайрадан жандана баштаган. Ушу тапта Дельфа эл аралык кыймылына дүйнөнүн 65 өлкөсү мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан