ЭЛДИК КАБАР: Окурман Бишкектин көчөлөрү сапатсыз оңдолуп жатканын билдирди

Окурман бүгүн, 4-июлда Бишкектин көчөлөрү сапатсыз оңдолуп жатканын SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди.

"Мен Абдрахманов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жашайм. Кытайлар жасап жаткан жолду көрүп кейип кетем. Төшөлгөн асфальттын калыңдыгы 3 сантиметр. Анысы аз келгенсип, бордюрлар эмитен кулап жатат. Муну көзөмөлгө алгандар барбы?" - деген суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2017-07-04 09:06:16
Бишкек Ош жолунун Төө ашуу Суусамыр жеринде жасалып жаткан жолду жамоо иштерин көрсөң зеенин кейийт эптемей эле кылып жасап жатышат кийинки жылы дагы жасайт ошол эле жерлерди чоңдор ошол жерлер менен барып таанышып койсо көрмөк
+3
kanatbekabytovich82
2017-07-04 17:12:48
Кызыксынар эй ушул кбарды жиберген жана коммент жазгандар...
Ошол козомолго ала тургандар ушундай кылдыртты да,болбосо акча жебей калышпайбы)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан