КРнын президентине караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

16-майда Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында президентке караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчысынын “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” 2012-жылдын 27-январындагы жарлыгынын жүзөгө ашырылышы менен байланышкан маселелер талкууланды. Комиссиянын мурдагы отурумдарында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө маалымат угулду. Ошондой эле Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналып, ноябрда өтө турган экинчи эл аралык илимий-практикалык конференциянын программасын карашты. Кыргызстандын тарыхы боюнча мектеп окууларына объективдүү анализ жүргүзүү жана өркүндөтүү максатында көрүнүктүү окумуштуу-тарыхчылардан жана мектеп мугалимдеринен турган жумушчу тобу түзүлдү. Белгилей кетсек,  Президентке караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссия президенттин 2012-жылдын 25-апрелиндеги жарлыгына ылайык, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастары боюнча изилдөөлөрдү ишенимдүү булак таануу базасынын жана тарых илимдерин мындан ары өнүктүрүүнүн негизинде колдоо максатында түзүлгөн. Комиссиянын курамы 24 кишиден: көрүнүктүү окумуштуу-тарыхчылардан, археологдордон жана Президенттик аппараттын өкүлдөрүнөн турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан