Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Анда Энелер күнү — бул урматка ээ болгон, жаркын жана көңүлдүү майрамдардын бири экендиги жана кыргыз элинин эзелтен бери аял-энени сыйлап, терең урматтаган мыкты салтына ылайык келери жазылган. “Ар бир адам үчүн эне өмүрүндөгү эң жакын адам. Эне болгон соң аял өзүндөгү айкөлдүк, сүйүү, камкордук, чыдамкайлык жана өзүн аябаган сапаттарын ачат. Бекеринен эне болуу бактысы жана сулуулугу кылымдардан бери мыкты сүрөтчүлөр, акындар жана жазуучулар тарабынан баркталып келген эмес. Учурда Кыргызстандын энелери бир гана үйдүн куту жана уюткусу эмес, өлкөдө болуп жаткан окуялардын жигердүү катышуучусу да болуп саналат. Өкмөт мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан ар бир үй-бүлөгө тынчтык менен кубаныч, балдарга сүйүү, назиктик жана мээримдүүлүк алып келген энелерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздерге чоң ырахмат! Сиздерге чың ден соолук, эбегейсиз энелик бакыт каалайм жана сиздердин жүзүңүздөрдө дайыма күлкү болсун!”- деп жазылган куттуктоодо.