Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 18-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош облусуна болгон иш сапары башталды. Иш сапардын алкагында өкмөт башчы Өзгөн районунун Ак-Жар айылындагы Кулуев атындагы орто мектептин абалы менен таанышат. Ошондой эле Кара-Кулжа суусунун жээгин тосуу иштери менен таанышат. Ошондой эле "Сары-Таш-Үлүлдүү" акиташ ишканасына барып, Шоро-Суу суусунун нугунун тазаланышы менен да таанышмакчы. Андан соң Ош шаарындагы Ы.Монуев көчөсүнүн курулушун көрүп, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демөөрчүлүгү менен курулуп жаткан мектептеги иштин жүрүшүн көзөмөлгө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан