Бүгүн, 10-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Монголияда 7-июлда президенттик шайлоонун 2-туру өтүп, 54 жаштагы оппозиционер Халтмаагийн Баттулга жеӊишке жетишти. Ага шайлоого катышкандардын 50,6 пайызы добуш беришкен. Атаандашы – башкаруучу партиянын өкүлү 41,2 пайыз добуш алган. Шайлоонун 1-туру 26-июнда өткөн эле. Баттулга убагында спортто, бизнесте ийгилик жараткан саясатчы. Дзюдо боюнча Монголиянын улуттук курамына кирүүгө жетишкен. Депутат, министрлик кызматтарды аркалаган. “Монголия жеӊди! Убада бергенимдей эле, экономикалык кыйынчылыктарды жоюу боюнча иштерди, ар бир монголиялыкты карызынан кутултууга аракетти баштайм”, - деди жаӊы шайланган президент.
Шайлоонун 2-турунда башкаруучу партиянын талапкеринин оппозициялык талапкерге утулушу өлкөдө демократия бар экенинен, шайлоонун таза өткөнүнөн кабар берет. Бийлик үчүн күрөштө, шайлоолордо оппозициянын утушу Кыргызда деле кездешет. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо оппозициялык “Ата Журт” партиясы 1-орунду алып, бийлик алмашуудан кийин аброю көтөрүлүп турган революциялык КСДП, “Ата Мекен” партияларын артка таштаган. 2017-жылдын май айында өткөн жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоодо Жалал-Абад, Кара-Балта өӊдүү шаарларда бийликтеги партия утулду. Жалал-Абадда оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” партиясы биринчини алды. Бирок демократия - шайлоодо оппозициялык же бийликке ыӊгайсыз талапкердин жеӊиши гана эмес. Мыйзамды сыйлаган өлкөдө сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, бийликтин элдин пикири менен эсептешүүсү, соттордун көз карандысыздыгы, мыйзамдардын баарына, бардык учурда бирдей иштөөсү өӊдүү факторлор демократиянын негизин түзөт. Бүгүнкү күндө сотторго, укук коргоо органдарына ишеним кескин азайып кеткенин чиновниктер, депутаттар өздөрү моюнга алып жатышат. Freedom House эл аралык уюму Кыргызда демократиянын көрсөткүчтөрү начарлап кеткенин айтып (2016-жыл боюнча) коӊгуроо кагууда. 2010-жылдан кийин "Араб жазы" деген аталыштагы массалык толкундоолордо Египет, Тунис, Йемен өӊдүү бир катар араб өлкөлөрүндө бийлик алмашканы белгилүү. Ливияда жарандык согуш тутанган, Сирияда азыркыга чейин жаӊжал басылбай жатат. Быйыл күздө Кыргыз жеринде маанилүү саясий окуя - президенттик шайлоо өтөт. Кыргыз демократиялык жолдо, бирок бир топ кыйынчылыктар менен баратат десе болот. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн берилген миллиондук арыздар, Текебаев, Жапаров сыяктуу көрүнүктүү оппозиция лидерлеринин камакка алынышы жана башка окуялар өлкө эгемендүүлүк заманында жеткен бирден-бир жакшылыкка, Кыргыз демократиясына көлөкө түшүрүүдө. Кыргыз эли күзүндө жакынкы 6 жылдык тагдырын тандайт. Табышмактуу "Кыргыз күзү" кандай жыйынтыкты берет, ал шайлоочулардан көз каранды...
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыров SUPER.KG порталынын түз эфиринде болду. Чиновник Кыргыз жеринен Сирияга аскер жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу маалыматтарга комментарий берип, Орусиядан мындай расмий сунуш түшө электигин ырастады. Буга чейин Орусия парламентинин айрым депутаттары Орусия Сирияга аскер жөнөтүү сунушун Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы союздаштарына жибергенин айтышкан эле. Жумакадыровго таянсак, сунуш түшсө Кыргыз тарап "жети өлчөп бир кесүү" принцибине ылайык чечет. "Аскер жиберебизби, жиберсек кандай шартта барышат, биздин талаптар аткарылабы, бүт талкуулайбыз. Улуттук кызыкчылыкка дал келсе, ыктыярчылар жөнөтүлүшү мүмкүн", - деди Жумакадыров.
Ушул жылдын 24-июнунда президент Алмазбек Атамбаев Сирия боюнча комментарий берип аталган өлкөгө аскер жиберүүнү колдобой турганын, бирок аскерлердин арасында каалоочулар болсо жөнөтүүгө болорун эскертип өткөн эле. Президенттин сөзүн бүгүн Жумакадыров кайталап, ыктыярчылар жиберилиши мүмкүн деген версияны айтты. Аскер жиберилеби, жокпу, бул иш мамлекеттик деңгээлде талкуулардан өтүп, Жогорку Кеңештин колдоосу болсо гана ишке ашат. Ал эми эч кимдин уруксаты жок эле Сирияга согушка аттанып кеткен жарандардын маселеси кандай болот? Алар эртең Кыргыз жерине кайтып келишкенде кадимки жаран катары кабыл алынабы? Алар өздөрү менен кошо терроризм коркунучун алып келишсе кандай болот? Коопсуздук кеңешинин катчысы өз алдынча Сириядагы согушка кеткендерге карата кескин чаралар көрүлүүсү керек дегендердин катарында. Терроризм, экстремизм өӊдүү кылмыштарга айыпталып, күнөөсү далилденгендерди Кыргыз жарандыгынан ажыратууга азыркы Конституция жол берет. Коопсуздук кеӊешинин катчысынын сөзүнө таянсак, бул боюнча тийиштүү мыйзам даярдалып жатат. Мыйзам кабыл алынса, Кыргыз жеринен Сирияга кеткендердин бир тобуна өлкөнүн эшиги жабылышы мүмкүн. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Сирияда 500дөн ашык мекендешибиз жүрөт. 2016-жылы Кыргыздын атайын кызматтары өлкөдө 17 теракттын алдын алып, токтотуп калышканы белгилүү болду. Жумакадыров Кыргыз армиясынын сапаты жакшырып, аскердик бөлүктөрдөгү жагымсыз окуялардын саны кескин азайды деген пикирде. Өткөн жылы Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасынын айдоочусу мыйзамсыз курал сатып жүргөнү билинип, кылмыш иши ачылган. Айдоочу аскердик бөлүктүн кампасынан автоматтарды алып чыгып, уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө сатып жаткан жеринен кармалган. Мындай окуялардын орун алуусуна мамлекет өзү да жол берип койгонун, Кыргыздын куралдуу күчтөрүнүн куралдары сатылбасы үчүн ириде ошол куралдарды каттоого алуу иши жолго салынышы зарылдыгын белгиледи. Куралдардын так эсеби чыгып, көзөмөл күчөсө, кампадагы куралдын кылмыш дүйнөсүнө тарап кетишине бөгөт коюлат деген үмүт...
Урматтуу "Күнсереп" рубрикасынын окурмандары: Жайкы эс алуу мезгилине байланыштуу "Күнсереп" рубрикасы 1-августка чейин убактылуу тыныгуу алат.