Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

16-майда президент Алмазбек Атамбаев “Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 4-апрелде кабыл алган. Ал чет өлкөлүк жарандардын жер тилкелерине менчик укуктарынын келип чыгуусунун негиздерин өзгөртүү, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында коопсуздукту камсыз кылуу жана чек арага жанаша жайгашкан аймактарындагы жерлерди сактоо максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан