Бүгүн, 18-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош облусунда болгон иш сапары саясий коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин эстелигине гүлчамбар коюудан башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Андан соң өкмөт башчы Өзгөн районундагы Ак-Жар айылына барып, курулушуна 48 миллион сом жумшала турган 320 орундуу мектептин курулуш иштерине күбө болду. “1-сентябрда мектеп ишке берилиши керек”,- деди Сатыбалдиев. Ошондой эле Кара-Кулжа дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, Нура каналындагы сел өткөрүүчү каналдын курулуш иштерине күбө болду.