Ысык-Көлдө алты жаштагы баланы зордуктоого шектелип үч жаран камакка алынды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 6 жаштагы баланы зордуктоого шектелип 16 жаштагы эки жана 17 жаштагы бир жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 30-май күнү милицияга "Барскоон айылынын 6 жашар тургуну зордукталды" деп баланын ата-энеси арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жана 17 жаштагы Барскоон айылынын тургундары кармалган.

"Алар күнөөсүн моюнуна алып, соттун чечими менен тергөө мезгилине камакка алынышкан. Шектүүлөргө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pandora
2017-07-11 18:26:05
ХХХ калгылачы
+12
evidens
2017-07-11 18:31:51
Мойнун узулгурлор
+9
ady-88
2017-07-11 20:28:02
Адам эмес булар
+1
Gamze90
2017-07-11 21:00:53
Жазанын женили да просто. Ошон учун кылып жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан