Бүгүн, 13-июлда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун сот ишинде Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Асия Сасыкбаева көрсөтмө берди. Ал 2010-жылдын 21-декабрь күнү депутат Текебаев иш бөлмөсүндө болбогонун айтты.
“Биз, партиялаштар Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү менен куттуктайлы деп иш ордуна барганбыз. Бирок ал кабинетинде жок экен. Күндүн биринчи жарымында барганбыз. Бирок ал күнү Текебаев жумуш күнү бүткөнгө чейин келген жок. 22-декабрь күнү фракциянын жыйынына келип, кыска убакытка жыйынга катышып кайра кетти”, - деди Сасыкбаева.
Сотто депутат Аида Салянова да көрсөтмө берүүдө.