Чотонов сотто акыркы сөзүн айтты. Түштөн кийин Текебаевге акыркы сөз берилип, андан соң өкүм угузулат

Бүгүн, 16-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Айыпталып жаткан Дүйшөнкул Чотонов акыркы сөзүн кыска сүйлөдү.

“Чынында бул тарыхый окуя. Мен тарыхчымын. Биз, адамдар бүгүнкү күн менен жашап жатабыз. Адамдын табияты ошондой болот окшойт. Сиз азыр Текебаев менен кошо Кыргыз Республикасынын 25 жылдык тарыхын кошо соттоп жатасыз. Учуру келгенде Текебаевге эстелик коёсуздар, мен муну тарыхчы катары көрүп-билген адам катары айтып жатам. Сиз Текебаевге кандай чечим кабыл алсаңыз да, ошол чечим менен тарыхта каласыз. Ошондуктан жүрөгүңүз менен кеңешип, чечим кабыл алышыңызды сурайм”, - деди Чотонов.

Сот саат 14:00гө чейин тыныгуу жарыялады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Atas
2017-08-16 11:57:16
Waaai ennn
+5
nurik11-29
2017-08-16 12:06:06
акталсын!!!!!!!!!!
+9
33SUUN
2017-08-16 12:20:17
Жети же сегиз жылды бере турган болуп калдынар бул турушунарда.Аллахтан коркпой адамдан коркуп чечим чыгарганынар калдынар урматтуу соттор.Куноосун далилдеп мойнуна койо албадынар эми чыгаргыла актап.
+11
Snejana
2017-08-16 12:37:57
Сотторго ыйман берсе экен.
+10
Ermekbai
2017-08-16 12:46:29
Сенарий боюнча камаса керек эми
+4
joomart4909
2017-08-16 12:53:40
Ооба Бул тарыхта кала турган окуя. Сот адилет чечим чыгарыш керек.
+4
kokboru
2017-08-16 13:00:21
Мен камалышына 100% гарантия качествасы менен айта алам.Атамбай эч кимден коркпой калды.Ал бир гана Теке,Садырдан коркот,аларды камаш керек мунун максаты
+3
mir777
2017-08-16 13:08:34
Супер Инфо эмнеге "Кыргызстанды " Кыргыз" деп атап алдынар? Тушундурмо болсо ссылку пж
+3
BakytAliev
2017-08-16 13:16:23
mir777,супер инфо ошону тушундуруп берсенер
+1
admin_superstan
2017-08-16 13:41:43
BakytAliev, mir777, көптөгөн мамлекеттердин түзүлүшү Республика. Расмий түрдө мамлекеттин атына "Республикасы" деп кошулуп айтылганы менен, дүйнөлүк практикада мамлекеттин негизги аты гана кыскача колдонулуп келет. Мисалы, Кытай Эл Республикасы эмес - Кытай, Индия Республикасы эмес - Индия. Кыргыз Республикасы деген аталышты колдонуу менен биз мамлекеттин негизги аталышы Кыргыз экенин унутуп жатабыз. Ошондуктан макалаларыбызда мамлекеттин уңгу атын Кыргыз деп колдонуудабыз.
+4
Vacant
2017-08-16 14:18:08
admin_superstan,
Бирок ошо эле дуйнолук практикада улут менен мамлекетке бирдей терминди аябай эле аз колдонушат. Кытай эле болбосо.Индия мамлекет, а эли индус, Россия орус ж.б Кыргызстан бул мамлекет а Кыргыз, мамлекеттин унгусун тузгон улут деп карашыбыз керек да. бул эки башка нерсе болуп жатпайбы жана буга бир созду колдонуу туура эмес сезилип жатат. эми суперге суроо; Ушундай олуттуу озгортууну киргизерден мурда атайын адистер менен кенештинер беле жана канчалык денгээлде мыйзамдуу эк
-2
admin_superstan
2017-08-16 14:27:50
Vacant, Кыргызстан эли, Кыргызстан жери дебестен, Кыргыз эли, Кыргыз жери деген стиль кеңири колдонулуп келген. Анын сыңарындай, өлкөбүздү Кыргыз деп жазуу бул жаңылык эмес, бул порталдын стилистикалык өзгөчөлүгү болуп саналат.
+3
Vacant
2017-08-16 14:59:33
admin_superstan,
Бул "стилистикалык озгочулук" порталдын колдонуучулары тарабынан колдоого ээ болбогунун озунор деле сезип жатсанар керек. Эгерде Кыргыз жери деген терминди колдонсонор мындай талаш тартыш болмок эмес деп ойлойм. Ал эми Кыргыз деп бирок ошол эле убакта мамлекет деген маанини берип жатканынар одоно угулат экен. Бул жагдайды дагы терен караштырасынар деген умутумду билдиргим келет
-2
admin_superstan
2017-08-16 15:23:46
Vacant, сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
baisogur
2017-08-16 15:16:29
admin_superstan,Кыргыз деп өзүбүздү өзүбүз айтпасак ,башка мамлекеттер стан деп айтып жатканы деле жетишет.
0
baisogur
2017-08-16 13:32:14
mir777,Кыргыз деген нукура атыбыз турганда стан дегенди каалап жатасынарбы Кыргызстан бул общий дом Кыргыз бул таза кыргыздын нукура тукумдары.
-7
Snejana
2017-08-16 13:23:39
Далили жок болсо деле камап койсо, соз жок. Митингге озум чыгам.
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-08-16 13:43:30
Куноосу жок Текебаевдин бирок сот бийликтин талабын аткарып Текебаевди соттойт.
0
jbolotov
2017-08-16 13:43:46
Тарыхта Текебаевди эмне жон жерден кескен деп калмак беле? Бир убактарда Убактылуу окмоттун иши калыс адамдардан баа алат ошондо Текебаев Атамбаевге окшогондор тарыхта Башаламан замандын бандалары деп кирсе керек.
-1
Montekristo
2017-08-17 04:02:42
Текебаев Чотонов КЫРГЫЗ учун эмне кылып берди же эмне иш аткарды? Мисалы Исхак Раззаковдой, Насиридин Исановдой, Апсамат Масалиевдей иштей алыштыбы? Ал кишилер жок нерсенен бар кылууга умтулган инсандар. А буларчы? Кабат кабат особняк бизнес соода борборлор жана элитный квартиралардын ээси. Ошолорду айлыгына алдыбы же... интернетти тытмак тугул айрып ийгиле жогоруда мен айткан УЛУУ инсандардын мынчалык байлыгын таппайсынар. Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт туугандар.
0
Montekristo
2017-08-17 04:11:19
Кыргызстан эгемендуу мамлекет болгондон бери Текебаевтин башы "ак уйдон" чыкпай келет. Эми айткылачы КЫРГЫЗ учун эмне иш жасай алды? Текебаевди баарынар болбосо да копчулугунор "ак" дейсинер, эмнесине "АК" Ак болсо 8 жылга кескен соттун акылы кемби? Мындай резонанстуу ишти башкарган сотту да кочодон алып келип олтургузбаса керек. Текебаевке душман Атамбаев дей турган болсок жон эле логикалык ой жугуртолучу.
0
Montekristo
2017-08-17 04:20:41
Мисалы менин досум бар. Ал досум мени колдоп кубансам кубанып кайгырсам кайгырып мени колдоп журуп мен жеткен ийгилигиме туздон туз жардамын берди. Мен адам болдум максатыма жеттим. Ал эми досум кичине касяк кылып койду. Ал касяктын зыяны менин уй буломо тиет. Ошондо менде тандоо учуру келет же уй буломду досумдан сактап достуктан кечуу же досумду сактап уй булонон кечуу.
Мисалы мен Атамбаев болсом уй булом бул бутундой КЫРГЫЗ эли. Мен уй буломду коргоймунбу же досумдубу??????????????????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан