Текебаевдин сотунда Модин Талант Маматкеримовго кандай жагдайда 300 миң доллар бергенин айткан видео көрсөтүлдү

Бүгүн, 2-августта Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Соттук отурумда Орусиянын жараны Алексей Модиндин көрсөтмөлөрү тартылган видео көрсөтүлдү. Тасмада 2010-жылы Модин Леонид Маевский менен келип Өмүрбек Текебаев жана экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов менен эски аянттагы өкмөт үйүндөгү кайсы бөлмөдө, кандай шартта жолугуп сүйлөшкөнүн айтып бергени камтылган. “Жолугушууда мен, Талант Маматкеримов, Маевский, Өмүрбек Абдрахманов, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов катышкан”, - деп Модиндин көрсөтмөсү айтылат.

Мындан тышкары тасмада Алексей Модин Бишкектеги Горький жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Вефа" соода борборундагы 204-бөлмөдө отурган Талант Маматкеримовго 300 миң доллар алып келип бергенин айтат.

Видео көрсөтүлүп жаткан учурда айыпталып жаткан Текебаев бөлмөлөрдөгү орундуктарды тактап, бул бөлмөдө Убактылуу өкмөттүн ошол учурдагы биринчи орун басары отурганын айтып жатканда электр жарыгы өчүрүлүп сот жарым саатка тыныгуу жарыялады. Бирок бир аз убакыт өтпөй электр жарыгы бөлмөгө кайра берилгендиктен төрагалык кылуучу кайра отурумду улантууну чечти. Учурда Модиндин көрсөтмөлөрү камтылган тасма көрсөтүлүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Beka9393
2017-08-02 10:53:49
Омурбек Чиркешович мыйзамдын атасы аны эч нерсе кыла албайсынар куноосун далилдей албай шайынар ооп жататго.
+8
Medina87
2017-08-02 10:57:53
Светомузыкалуу Сот-Шоу.
Текебаев акталып чыга турган сыякты. Себеби; Так далилдер жок.
+10
dinikyz
2017-08-02 10:58:17
АША камата албай аябай кыйналдыго же далил фактыларды таба албай эми ушуну таап келишипби
+9
kenjebek_a
2017-08-02 11:07:43
Текебаев акталып чыкканы калды.Дачасу боюнча иштер ачылбасын деп,бийлик оло жан талашып жатат.Баары бир кан койбербейт.
+7
General.kg
2017-08-02 11:20:17
Текебаевке чала! Атамбаев менен канчалаган премер-мнистирлерди иштен айдаган. Атамбаев деле Текебаев деле таза эмес!
-9
RusMos76
2017-08-02 11:30:46
Айчурок эжебиз очуртуп атабы, эмне соттун имаратынын карызы коппу светке эмне дегенимарат озу уят уят уят эле!!!
+5
komn47
2017-08-02 11:41:17
озу келип модин далилдей албаган эми каяктагы монтаж видеолор менен билбейм бияктан караган адамга да корунуп турат .бийлик уят силерге
+5
komn47
2017-08-02 11:45:33
бул жалган жалаалар,видеомонтаждар Текебаевдин эле пайдасына иштеп атат.
+3
bakulya2015
2017-08-02 13:05:49
Тез эле октябрь болсо экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан