Өмүрбек Текебаев судьядан сот жыйынын кыргыз тилинде өткөрүүнү талап кылды.
"Сиздин айлыкка менин да үлүшүм бар. Эмне үчүн мен өзүмдүн судьям менен котормочу аркылуу сүйлөшүшүм керек? Макул, башкы прокуратура мени айыптап жатат. Бирок ал менин дагы прокуратурам. Эмне үчүн аны менен котормочу аркылуу сүйлөшүшүм керек? Жанатан бери орусча сүйлөп жатасыңар, орусча өтө берсинби деп Конституциядан, катышуучулардан, менден сураган жоксуңар. Мен отурумдун кыргыз тилинде өтүүсүн талап кылам", - деди Текебаев.
Судья Айбек Эрнис уулу сот жыйынына котормочунун катышуусу боюнча чечим кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти.
Эскерте кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча биринчи сот отуруму өтүүдө.