КСДПнын бүгүнкү съездине 680дей делегат катышты

Бүгүн, 15-июлда Бишкекте Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) кезектеги 16-съезди өттү.

Съезд буга чейин өлкө боюнча партиянын конференцияларында шайланган райондук, шаардык 680 делегаттын башын кошту.
Съезддин кароосуна эки маселе кирген: 15-съезден кийинки партиянын бир жылдык иши боюнча маалымат жана “КР Президенттигине талапкер чыгаруу”.
Эки маселе теӊ боюнча КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов доклад жасады. Ал съездде Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштоо тууралуу айтып, партиянын уставы боюнча съезддин чечимин ар бир партиянын мүчөсү аткарышы керектигин эскертти. "Эгер көпчүлүк делегаттар президенттикке талапкер катары С.Жээнбековго добуш бере турган болсо, КСДПнын башка мүчөлөрү партиянын дисциплинасын сактап, ошол кишиге гана үгүт жүргүзүшү керек. Партиянын уставындагы мындай талапты ким болбосун аткарбаса, өзүн-өзү партиядан чыгарат жана андай адамга “КСДПдан орун жок”.
Андан соң съездде делегаттар жарыш сөзгө чыгышты. Алар Сооронбай Жээнбековдун чынчылдыгын жана принципиалдуулугун белгилеп, аны партиянын ишине берилген, компетенттүү жана энергиясы толуп турган, партияда көп жылдык тажрыйбасы бар инсан катары баалашты.
Сооронбай Жээнбеков – бул коомдогу стабилдүүлүк, тынчтык жана президент Алмазбек Атамбаевдин позитивдүү баштаган иштерин аягына чыгара турган инсан”, - деди Кыргыз Республикасынын Баатыры, Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов өз сөзүндө.
Эгер башка талапкерлердин программасына салыштыра турган болсок, Сооронбай Жээнбеков авторитаризмге каршы чыккан, Кыргызстандагы демократиялык институттарды өнүктүрө турган жападан-жалгыз талапкер”, - дейт съезддин делегаты, окумуштуу-социолог Кусейин Исаев.

«Сооронбай Шарипович эч качан коррупциялык схемаларга аралашкан эмес, ал абдан чынчыл жана ишенимдүү адам», - деп эсептээр делегаты Бекмырза Зулуев ѳз сѳзүндѳ билдирди.
«С.Жээнбеков премьер-министр болгондон тартып акыркы бир жылда ѳлкѳдѳ олуттуу ѳсүш байкалууда. Ал жѳнѳкѳй адам экени, элге жакындыгы, ошондой эле компетенттүү, иштей ала тургандыгы кѳрүнүп турат. Анын учурунда экспорт ѳстү жана биз, заводдо иштегендер үчүн бул ѳтѳ маанилүү белги экенин байкадык», - деди делегат Надежда Роговцева.
«Сооронбай Жээнбековдун артында КСДП, президент Алмазбек Атамбаев жана жаш профессионалдардан куралган команда турат. Алар жаӊы президентке жардам берип, ѳлкѳнүн кайрадан авторитаризмге жана үй-бүлѳлүк кландык башкарууга кайтып барбашына башкы кепил болуп беришет», - деп эсептээрин делегат Нодирбек Каримов айтты.
Съездде ошондой эле Жогорку Кеӊештин тѳрагасы Чыныбай Турсунбеков сѳз сүйлѳдү. Ал КСДПнын ичинде ажырым жоктугун, бирок талапкерлигин ѳз алдынча коюу тууралуу ойлонуп жатканын белгиледи.
Отурумда ошондой эле КРнын Президенттик кызматына талапкер Сооронбай Жээнбеков сѳз сүйлѳдү. Ал ѳз сѳзүндѳ ѳлкѳнүн учурдагы абалына кандай карай турганы, Кыргызстандын калкы ага ишеним арткан шартта ѳзүнүн келечектеги аткаруучу иштеринин негизги багыттары тууралуу айтып берди.
Делегаттар Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин чоӊ стажы бар партиялаш, чынчыл, тажрыйбалуу адам жана жетекчи катары колдошту. Съезд С.Жээнбековду алдыдагы президенттик шайлоого карата бирдиктүү талапкер катары бир добуштан жылдырды.
Партиянын съездинин ишине ар кыл ЖМКдан 102 журналист, бѳлѳк партиялардын ѳкүлдѳрү, саясий аналитиктер, жаш активисттер коштогон коноктор катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан