Бүгүн, 20-майда Чаткал районундагы Терек-Сай жана Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болот. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 15-апрелде, ал эми Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 25-апрелде болмок, бирок аталган эки айылдык кеңештин депутаттарынын жетиштүү добушун ала албай айыл өкмөт башчылары шайланбай калган. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү тапшырмасы берилди.