ЭЛДИК КАБАР: "Кадамжайдагы паспорт столдун биринде жумушка кеч келген кызматкерлерди күткөн эл узун кезекке турат" дейт окурман
"Кадамжай районуна караштуу Кайтпас айылында жарандарга паспорт берүүчү мекеменин кызматкерлери иш убактысынан 1 сааттап кеч келишет. Мекеменин сыртында иштөө графиги саат 9:00 деп так жазылып турат. Бирок саат 9:50 болсо да мекеменин эшиги ачыла элек. Узун кезекке турган жарандар буга нааразы", - дейт окурман. "Элдин да убактысын сыйлоо керек. Зарыл жумуштарын таштап коюп келгендер бар" деген пикирин билдирди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.