“Биз жеке секторду негиз кылып, экономикабыздын туруктуу жана бардыгын өзүнө камтыгыдай кылып өнүгүүсүнө багыт алдык”,- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Өтүү багыты жана келечекке жол” аттуу Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн эл аралык конференциясында.
“Бизнести жана экономикалык тармакты өнүктүрүү үчүн ишкерлер чөйрөсүн өнүктүрүү керек, өзгөчө туризм, айыл чарба жана энергетика, тоо-кен, кайра иштетүү тармактарын. Коррупция менен күрөшүү, башкарууну жакшыртуу ишкердик климатты жакшыртууда башкы мааниге ээ. Ошондой эле инвестициялык саясатта башкы багыт Кыргызстанда чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорго шарт түзүү болуп саналат”,- деди премьер-министр.