Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын аскердик базасы өлкөдөн чыгарылса, бюджетте тартыштык болушу мүмкүн экенин айтты

"Манас" аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борбору 2014-жылы Кыргызстандан чыгарылса, биз “Кумтөр” кенине окшош дагы 3-4 кенди иштетүүбүз зарыл",- деди 20-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.  

Учурда бюджетке бул борбордон көп суммадагы каражат түшөт. Эгерде АКШнын жүк ташуучу транзиттик борбору жабылса, “Талды-Булак”, “Бозумчак”, “Иштамберди” алтын кендерин иштетсек дагы өкмөттө каражат тартыштыгы болушу мүмкүн”,- деди өкмөт башчы.

Маалыматка таянсак, аталган борбор 2012-жылы ижара акысы, коммуналдык кызматтар үчүн 4 миллион 475 миң доллар төлөгөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан