Сауд Арабияда кыска юбкачан сейилдеген моделге жаза берилген жок

Сауд Арабияда кыска юбка менен футболка кийип сейилдеген модель кызга жаза берилген жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ал сейилдеп жүргөн кезде жанында эркек тууганы бар болчу. Демек, ал шарияттын мыйзамдарын бузган эмес. Мындан улам мамлекеттик прокуратура анын ишин жабууну чечкен.

Эске салсак, буга чейин кыз-келиндерге кыска кийинүүгө уруксат бербеген Сауд Арабия өлкөсүндө кыска кийимчен сейилдеген кыздын видеосу социалдык тармактарга байма-бай тарап, өлкөнүн тургундары аны тез арада жазага тартуу керектигин айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-20 09:19:55
Куноосу аныкталбаптыр адилеттуу чечим
+4
Eli.91
2017-07-20 12:10:36
кыздаар силерге кайрыларым авретинерди жаап жургулочу коз зынаа деген бар ото жаман нерсе акыретинерди ойлонгула,жок дегенде ошону ойлонуп кетейиндеер,ушул кызды колдойм дегенинер адашуучу экенинерди унутбагыла.
0
Hadyja
2017-07-20 13:37:02
Жок эле дегенде кийинип жур десе керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан