Эл аралык иштер боюнча комитети өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчётун канааттандырарлык деп тапты. Отчётту комитетке премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев берди. Отчётту канааттандырарлык деп табуу сунушун депутат Галина Скрипкина киргизди. Айта кетсек, өкмөттүн 2012-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчёту Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 23-май күнү каралат.