Жантөрө Сатыбалдиев акимдерди облус жетекчилери коргоп жатканын айтты

“Эгер акимдер тарабынан мыйзам бузуу фактылары болсо, мен аларды ээлеген кызматынан бошотом”,- деп билдирди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 20-майда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында. Анын айтымында, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр акыйкат жана таза көрүнгүлөрү келип, акимдерди кызматынан бошотуу тууралуу документке кол койбой жатышат. “Алар документке кол койгулары келбей жатат. Азыр Баткен жана Ысык-Көл облустарында текшерүү жүрүүдө. Эгер акимдер тарабынан мыйзам бузуулар билинип калса, анда албетте, мен аларды кызматынан бошотом”,- деди премьер-министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан