Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чолок-Арык айылынын тургундары 3-майда кырсыкка учураган КС-135 учагы келтирген экологиялык зыяндын ордун толтуруп берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу айыл тургундары бүгүн, 20-майда маалымат жыйында билдиришти. Айылдык кеңештин депутаты Айдарбек Алыбаев маалымдагандай, учурда Чолок-Арык айылындагы борбордук каналдын суусу булганууда.
“Бизде ичкенге жана мал сугарганга суу жок, суу үчүн коңшу айылдарга барып жатабыз”,- деди ал. Аталган айылдын дагы бир тургуну Замира Өмүралиева суунун булганып кетишинен улам айыл тургундары бат-баттан ооруп баштаганын билдирди. “Биз алгач суунун булганганын билген эмеспиз жана аны колдонуп эле жатканбыз. Жыйынтыгында балдар ооруп баштады, анан кийин чоңдор дагы. Эгер биз медициналык пунктка кайрылсак, алар бул жөн гана тамак оорунун бир түрү деп айтышат, бирок биз оорулар суунун айынан деп божомолдоп жатабыз”,- дейт Өмүралиева.
Ошондой эле "Америкалык учактардын добушунан уйлар чочуп, жыйынтыгында алардын сүтү азайып жатат" деп кошумчалады ал. “Айыл калкы үчүн сүт – бул эң негизги азыктардын бири. Эгер уйдун сүтү барган сайын азая берсе биз эмне кылабыз?”,- дейт ал. Жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, айыл тургундары чыгымдардын ордун толуктоону АКШнын аталган жүк ташуучу транзиттик борборунан талап кылышууда.
Айта кетсек, 3-майда аталган борбордун май ташуучу учагы асманда жарылып, анын калдыктары аталган айылдын аймагына түшкөн. Техника калдыктарынан агып чыккан май эл пайдаланган сууга куюлганы да кабарланган болчу. Ал эми кырсыктан учактагы 3 кызматкер каза тапкан.