Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда сот Эмилбек Каипов иштеги материалдарды иликтөөгө өттү. Учурда ал иштеги соттолуучуга гана тиешелүү жерлерди окуп жатат.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган.