“Электр энергиясын экспорттоону кескин түрдө азайтабыз”,- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 20-майда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында. Айтымында, учурда “Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү азайып кеткен. “2013-жылы электр энергиясын экспорттоону 3 эсеге кыскартабыз. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө максатында жергиликтүү бийлик органдарына жылуулук алуунун башка жолдорун издөөнү сунуш кылганбыз. Мындай буйрук февраль айында берилген. Буюрса кийинки кышка даярданып жатабыз”,- деди өкмөт башчы.